2026-жылы Кыргызстанга 15 миң электромобилди бажы төлөмүсүз алып келүүгө болот
16 декабрь

2026-жылы Кыргызстанга 15 миң электромобилди бажы төлөмүсүз алып келүүгө болот

Кыргызстанга 2026-жылга 15 миң электромобилди бажы төлөмдөрүсүз алып келүүгө квота берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча жетектөөчү адиси Элкынан Закиров билдирди. 

Айтымында, 15 миң электомобиль Кыргызстан үчүн, андан ары өлкө аймагынан чыкпайт. 

“Бул квота өлкө ичинде пайдаланыла турган унаалар үчүнбү же Кыргызстан аркылуу башка мамлекетке чыгып кетчүлөр да кошулганбы деген суроолор берилип жатат. Бул – Кыргызстан үчүн. Квотанын негизинде келген электромобилдерди башка өлкөгө чыгарып кеткенге болбойт. Мисалы, мындай чечимге кээ бир мамлекеттер кошулган эмес, анын арасында Россия Федерациясы да бар. Ошондуктан, эгер биздин электомобилдер Россиянын чек арасына өтсө, мыйзам чегинде бажы төлөм төлөөгө туура келет”, – деди Закиров. 

Ал белгилегендей, буга чейин аталган министрликке жарандар кайрылып, электромобилдерди алып келүүдө бажы төлөмдөрүнөн бошотуп берүүнү суранышкан. Бирок бул бир гана Кыргызстандан көз каранды чечим эмес, ЕАЭБдеги беш өлкөнүн макулдашуусунан улам болот. 

“Бажы биримдигинде бирдиктүү тариф бар. Аны биз өзүбүзгө өзгөртө албайбыз. Суранган жарандарга ушуларды айтып түшүндүрүп келдик. 2026-жылга Кыргызстанга 15 миң электромобилге квота бөлдүрүү үчүн биздин команда абдан чоң иш кылды. Кыргызстанда 2029-жылга чейин жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бар, анын алкагында абага ыргытылган таштандырларды азайтуу зарыл. Ушул багытта биз электромобилдерди өлкө аймагында көбөйтүүгө аракеттенүүдөбүз”, – деди ал. 

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда электромобилдер жылдан жылга көбөйүүдө.