Санарип сом жөнүндө мыйзам кабыл алынды
17 апрель

Санарип сом жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – конституциялык Мыйзам) кол койду.

Конституциялык Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзамдын максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп саналат.

Конституциялык Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) санарип сомдун эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) боюнча өзгөчө укука ээ экендиги, ошондой эле Улуттук банктын санарип сомду чыгаруу жана жүгүртүү тартибин белгилей жана санарип сомдун платформасын уюштура тургандыгы тууралуу ченемдер каралган.

Мындан тышкары, төмөнкүдөй ченемдер каралган:

– санарип сом – Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган Кыргыз Республикасынын санарип түрүндөгү улуттук валютасы;

– санарип сом атайлаштырылган платформада санарип формасында жүгүртүүгө чыгарылат;

– санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк болуп саналат;

– санарип сом платформасы санарип сомдун эмиссиясы (чыгаруу), эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфратүзүмдү билдирет;

– Улуттук банк:

банктар жана анын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сом операторунун платформасында төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;

санарип сомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана алдамчылык бүтүмдөрдүн жана операциялардын алдын алуу үчүн криптокоргоо белгилерин аныктайт;

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык санарип сом платформасы иштеген чөйрөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.