«Тамчы» АФИА жетекчиликти дайындап, ишке кирүүгө даярдыкты баштады
«Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын Башкаруу кеңешинин биринчи жыйынында кеңештин төрагасы болуп Аяз Баетов шайланды. Төраганын орун басарлары болуп Али Иджаз Ахмад жана Бакыт Сыдыков дайындалды.
Жыйында финансылык борборду өнүктүрүү планы, ички регламенттер жана ченемдик документтердин алгачкы пакети бекитилди. Башкаруучу компаниянын жетекчиси болуп Талантбек Иманов дайындалды.
Башкаруучу компания резиденттерди каттоо, лицензия берүү жана болжол менен 6 миң гектар аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү менен алектенет. Ошондой эле эл аралык адистерди жана Эл аралык талаштарды чечүү борборунун судьяларын тандоо иштери жүрүүдө.
2026-жылдын жай айларында Ысык-Көл жээгинде «Тамчы» АФИАнын биринчи бизнес-борбору ачылып, бизнес жана алгачкы резиденттер менен расмий иш башталат.
