Кыргызстан жыл башынан бери 26 миң тонна сүт азыктарын экспорттоду
2 октябрь

Кыргызстан жыл башынан бери 26 миң тонна сүт азыктарын экспорттоду

Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын 9 айында республикадан экспорттолгон жана импорттолгон сүт азыктары тууралуу маалымат берди. 

Маалыматка ылайык, эксорттолгон сүт азыктары жалпысынан – 26 101,5 тоннаны түздү. Анын ичинен:

  • сыр – 1018,8 тн,
  • шоро – 119,5 тн,
  • курут – 3,3 тн,
  • каймак май – 1796,9 тн,
  • балмуздак – 4448 тн,
  • каймак – 660 тн, 
  • кургак сүт – 7634 тн.

Ал эми импорттолгон сүт азыктары – 13 274,4 тоннаны түздү. Анын ичинен:

  • сыр – 1160,6 тн,
  • каймак май – 275,9 тн,
  • йогурт – 670,8 тн,
  • балмуздак – 1933,7 тн,
  • каймак – 184,2 тн,
  • кургак сүт – 534,5 тн,
  • коюлтулган сүт – 196,4,
  • быштак – 6 тн,