Чүй облусунда ЖЧК «Кыргызцентрпродукттун» тоңдуруучу кампаларынын курулушуна капсула салынды
23 февраль

Чүй облусунда ЖЧК «Кыргызцентрпродукттун» тоңдуруучу кампаларынын курулушуна капсула салынды

2026-жылдын 23-февралында Ак-Суу айылында ЖЧК «Кыргызцентрпродукттун» жаңы тоңдуруучу кампаларын курууга арналган капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов катышты.

Өз сөзүндө Осмонов аталган долбоор аймактын агрардык тармагы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, кайра иштетүүчү инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, фермерлердин туруктуу иш алып баруусуна шарт түзүүгө жана айыл чарба продукциясынын жоготууларын азайтууга шарт түзөт.

Иш-чарага ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков жана ЖЧК «Кыргызцентрпродукттун» директору Манас Белошаров катышты.

Иш-чаранын алкагында курулушту каржылоо боюнча келишимге кол коюлуп, келечек муундарга арналган алгачкы ташын түптөө аземи болуп өттү.

Долбоор 1 гектар аянтта 3 000 тонна көлөмүндөгү тоңдуруучу кампаларды курууну карайт. Аны ишке ашыруу менен жалпы сактоо кубаттуулугу 4 500 тоннага чейин көбөйүп, шоктук тоңдуруу линиясынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалат, жыл бою туруктуу жеткирүүлөр үчүн продукциянын туруктуу запасы түзүлөт жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын кайра иштетүү деңгээли жогорулайт.

ЖЧК «Кыргызцентрпродукт» жемиш-жашылча кластеринин негизги ишканаларынын бири болуп саналат. Компания жергиликтүү фермерлер өндүргөн айыл чарба продукциясын консолидациялоо, сактоо жана кайра иштетүү иштерин жүргүзөт. Ишкананын түзүмүнө буурчак экспорттоо, жашылча сактоочу кампаларды жана жашылча кургатуу цехин камтыган логистикалык борбор, ошондой эле IQF технологиясы боюнча заманбап шоктук тоңдуруу цехи кирет. Өндүрүштө ISO 22000:2018 эл аралык сапат стандарттары киргизилген.

Долбоордун ишке ашырылышы Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошумча түрткү берип, жергиликтүү фермерлерди колдоо аркылуу чийки зат базасын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.