Баасы 148,9 млн юань. Кытай Кыргызстанга 370 даана атайын техника берет
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары министри Эрлист Акунбеков бүгүн, 4-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул туралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча долбоорду тышкы ишке ашыруу келишимине кол коюлду.
Долбоор Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу боюнча 2015-жылдын 26-мартындагы макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылат.
Гранттык жардамдын негизинде министрликке жалпы баасы 148,9 млн кытай юанын түзгөн 370 даана атайын техника жеткирилет.
Алар Суу ресурстары кызматынын ирригациялык каналдарды механикалаштырылган тазалоо иштерин жүргүзгөн бөлүмдөрүнө арналган.
Жеткирилүүчү техникалар өлкө боюнча Суу ресурстары кызматынын 7 облустук жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт. Долбоорду ишке ашыруу ирригациялык инфраструктураны тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга жана өлкөнүн суу чарба тармагын модернизациялоого олуттуу салым кошот.
