Санариптик трансформация: Ош шаарына 200 млн сомдук инвестиция тартылды
Президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу боюнча демилгесинин алкагында Ош шаарында санариптештирүү багытында ири кадамдар жасалууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мэр Жанарбек Акаев “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” менен шаардык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 200 млн сомдук инвестиция боюнча эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол койду.
Макулдашуунун алкагында Ош шаарындагы коомдук транспорт системасы жана жаңы базардын унаа токтотуучу жайлары толугу менен санарип форматка өткөрүлөт. Бул чечим тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, бюджеттик кирешелерди көбөйтүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга өбөлгө түзөт.
Долбоор 5 ай ичинде толук ишке киргизилип, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу, ыкчам жана ачык-айкын санариптик кызматтарды сунуштайт.
Долбоорду ишке ашырууда заманбап технологиялар колдонулуп, шаардык башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулап, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаңы деңгээлге чыгат.
Жанарбек Акаев шаарды өнүктүрүүгө салым кошууну каалаган ишкерлер менен өз ара пайдалуу жана ачык кызматташууга даяр экенин билдирип, инвесторлорго колдоо көрсөтүү мэриянын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
