Финансы министрлиги 2025-жылдын 7 айына  карата Ош облусуна 739,5 млн сом каржылады
22 август

Финансы министрлиги 2025-жылдын 7 айына карата Ош облусуна 739,5 млн сом каржылады

Ош облусу боюнча 2025-жылдын 7 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 597,3 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

1. Теңдөөчү трансферттер – 394,1 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (статисттин эмгек акысы) – 11,1 млн сом;
3. Электрэнергияга 50% компенсациялоого – 18,0 млн сом;
4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 71,9 млн сом;
5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого – 12,4 млн сом;
6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого – 34,5 млн сом;
7. “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнөт – 4,0 млн сом.