Кыргызстандыктардын 75% каржылык жактан коопсуз сезишет
10 декабрь

Кыргызстандыктардын 75% каржылык жактан коопсуз сезишет

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ынтымак-Ордо” Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугуна жана негизги маселелерге багытталган “Кыргыз Республикасын угуу” деп аталган мониторинг презентацияланды.  

Соңку маалыматтарга ылайык, сурамжылоого катышкан өлкө жарандарынын 89%га жакыны Кыргызстан саясий, социалдык жана экономикалык реформалар багытында туура багытта баратат деп эсептейт. Бул өкмөттүн иш-аракетине болгон ишенимдин жогору экендигинен кабар берет.  

2024-жылдын октябрына карата үй чарбаларынын 75%зы каржылык жактан өздөрүн коопсуз сезет. Бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрына карата 33%га жогору.   

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча олуттуу өсүш байкалууда, ал 41%дан 86%га чейин өскөн. Бул калктын жыргалчылыгына оң таасирин тийгизген азык-түлүк менен камсыздоо системасынын жана азык-түлүк менен камсыз кылуунун жакшырганын көрсөтүп турат. Мындан тышкары, керектөөнү кыскартууга же негизги керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн активдерин сатууга аргасыз болгон үй чарбаларынын үлүшү төмөндөгөн.