«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үч окууда жактырылды
Бүгүн, 19-январдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу болуп саналат.
Алсак, мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан ченемдер мамлекеттик сатып алуулар процесстерин оптималдаштырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталып, сатып алууларды аткаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык заказчы менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу менен жүзөгө ашыруу сунушталат.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттин маанилүү жана стратегиялык милдеттерин аткаруунун алкагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамлекеттик тапшырма түшүнүгү да киргизилүүдө.
