Россиянын “Ягодный союз” бирикмеси Кыргызстандын мөмө-жемиш тармагына кызыгуусун билдирди
22 апрель

Россиянын “Ягодный союз” бирикмеси Кыргызстандын мөмө-жемиш тармагына кызыгуусун билдирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинде мөмө-жемиштин ири импортеру – “Ягодный союз” бирикмесинин башкы директору Игорь Бугорский менен жумушчу жолугушуу өттү. Анда кыргыз мөмө-жемиш багбанчылыгын өнүктүрүү жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Тараптар экспортко багытталган жогорку суроо-талаптагы алчанын жаңы сортторун өстүрүү; мөмө-жемишти туруктуу жеткирүүнү калыптандыруу; агротехнологияны киргизүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин карашты.

“Ягодный союз” сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо; фермерлер менен агрономдорду заманбап агротехнологияга окутуу; мөмө-жемиш тармагына методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

“Ягодный союз” концерни 120дан ашуун ишкананы: багбандар, технологдор, жана ташып-жеткирүү кызматтарын бириктирет. Бул уюм Россиянын мөмө-жемиш рыногунда жана агротехнологияларда маанилүү ролду ойнойт.

Бул уюмдун мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, экспортко чыгаруу даярдыгы жогору экени өзгөчө белгиленди. Россияда мөмө-жемишке суроо-талаптын жогорулугу тоңдурулган мөмө-жемишти экспорттоого өбөлгө түзөт.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп, мөмө-жемиш багбанчылыгы боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.