Кытайда Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору жөнүндө презентация жасалды
Кытайда өткөн Кытай Эл Республикасы (Шэньси) менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча бизнес-форумда Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор боюнча презентация жасалды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Долбоолор менен экономика министринин орун басары Санжар Болотов тааныштырган.
Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн кызматташтыгынын стратегиялык маанисин баса белгилеп, форумдун катышуучуларын Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлоруна инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.
«Кыргыз Республикасы зор инвестициялык потенциалга ээ, айрыкча энергетика, логистика жана өнөр жай тармактарында. Биз өз ара пайдалуу кызматташууга ачыкпыз жана инвесторлорго уникалдуу шарттарды, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди жана капиталды коргоо кепилдиктерин сунуштоого даярбыз», - деп белгиледи министрдин орун басары.
Санжар Болотов өлкөнүн ИДПсынын туруктуу өсүшүн белгилеп, өнөр жай кооперациясынын келечеги, логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жана энергетика жана туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө кеңири айтып берди.
Форум байланыштарды чыңдоонун жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулоонун маанилүү аянтчасы болду.