Айыл чарбасын каржылоого 42 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт
11 февраль

Айыл чарбасын каржылоого 42 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт

 2026-жылы агроөнөр жай комплексин колдоого 42 млрд сомдон ашуун каражат каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү, агрегаторлорду жана фермерлерди колдоо максатында Министрлер Кабинети тарабынан бир катар мамлекеттик долбоорлор жана мамлекеттик инвестициялык программалар ишке ашырылууда.

Алардын катарында төмөнкү долбоорлор бар:

  • “ФСХ-14”
  • “КАПК”
  • “ФОТП-2”
  • “Асыл-тукум чарбаларын өнүктүрүү”
  • “Үрөнчүлүк-питомник чарбаларын өнүктүрүү”
  • “Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эт кластерин өнүктүрүү”
  • “Суу үнөмдөө технологияны өркүндөтүү”

Долбоорлор төмөнкү каржы институттары аркылуу каржыланат:

Азия өнүктүрүү банкы (АБР) – “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасында кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү”

Бүткүл дүйнөлүк банк – “Агро азык-түлүк кластерлерин туруктуу өнүктүрүү”, “АДАПТ – аймактык жайыт коомчулугунун туруктуулугу”

  • “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” программасы
  • “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду”
  • KOICA – “Кыргызстанда түшүмдүүлүктү жыйноодон кийин башкаруу системасын түзүүнү колдоо жолу менен айыл чарба продукцияларынын наркын түзүү чынжырчасын бекемдөө”

Министр Бакыт Төрөбаев Президент Садыр Жапаровдун айыл чарбасына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, 2026-жылга агроөнөр жай комплексине төмөнкүдөй каражат каралганын маалымдады:

  • Республикалык бюджеттен – 6,0 млрд сом
  • Атайын эсептен – 1,5 млрд сом
  • Мамлекеттик инвестициялар долбоорунан (ПГИ) – 11,0 млрд сом (ирригация, таза суу, ЦКА, ОРСП)
  • Капиталдык салымдардан – 14,3 млрд сом (ирригация, таза суу, ветеринардык лабораториялар)
  • 7 мамлекеттик колдоо долбоорунун алкагында – 9,3 млрд сом

Жалпы көлөмү 42 млрд сомдон ашуун каражат айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталат.

Министрдин айтымында, бул каржылоо чаралары фермерлерди, агрегаторлорду колдоого, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсүнө багытталган.