Бишкекте ЖККУнун өз ара аракеттешүүсүнүн келечеги талкууланды
Бишкекте бүгүн, 20-сентябрда ЖККУнун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын XXII отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Жыйынга экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов төрагалык кылган.
Отурумда ЖККУга мүчө мамлекеттеринин катышуучулары өз ара кызматташуунун келечегин талкуулап, жааматтык коопсуздукту чыңдоого жана аскердик-экономикалык чөйрөдө координацияны жакшыртууга багытталган стратегиялык чечимдерди кабыл алышты.