УКТ лидери Досонов катышкан кылмыштын бети ачылды
20 сентябрь

УКТ лидери Досонов катышкан кылмыштын бети ачылды

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов ("Женго") катышкан кылмыштын бети ачылды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, арыз менен Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган М.М. кайрылып, опузалап талап кылуу фактысы боюнча чара көрүп берүүнү суранган. Ал арызында көрсөткөндөй, өзүнүн бизнес өнөктөшү И.С. экөө 2013-жылдан тартып Ж.Н. аттуу аял менен биргеликте чогуу ишкерлик менен алектенишип, ал аял 6 500 000 сом акча кошконун, 7 жылда ага 23 млн 400 миң сом акча каражатын беришкенин, 2019-жылдын декабрь айында банкрот болуп калышканын билдирген.

Ал эми, Н.Ж. өзүнүн жети жыл мурда кошкон 6млн 500 миң сом акчасын өндүрүү максатында, уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Досоновко кайрылган. Арыздануучу М.М. менен бизнес өнөктөшү И.С.ти Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде жайгашкан машыгуу залында К.Досонов шериктери менен өмүрүнө коркунуч болоорун айтып коркутуп, акча каражатын талап кылышкан.

Жабырлануучулардын бири И.С. 1 млн 580 миң сом акчасын К.Досоновдун кеңсесине “М” аттуу адам аркылуу келип берген. Андан сырткары, калган суммасы үчүн “Хюндай Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын жана 50 000 сом акчаны ошол эле “М” аттуу адамга бергендиги, ал эми арыздануучу М.М. болсо К.Досоновдун жакын адамын ортого салып, тынч коюлары үчүн 5000 АКШ долларын берип кутулган. Андан кийин, жогорудагы бизнес өнөктөшү акча каражаттарын суроону токтоткон. Бирок, 2024-жылдын май айынан бери кайра талап кылып, УКТ мүчөлөрүнөн акча албаганын айткан.

Ушундан кийин гана, жабырлануучу аталган окуя боюнча арыз жазууну чечкен. Жогорудагы факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опуза талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-изилдөө иштерин жүргүзүп, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныкташкан. 2024-жылдын 18-сентябрь күнү кылмышка шектүүлөрдүн бири 1981-жылы туулган М.М. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда “Калашников” автоматынын ок-дарылары табылып алынды.

Бул кылмышка шектуу катары учурда камакта олтурушкан К.Досонов жана Э.А. дагы суракка алынууда.

Учурда бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды тактоого жана кармоого багытталган кошумча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.