Ош шаарына туризм тармагы боюнча Германиянын делегациясы келди
2 октябрь

Ош шаарына туризм тармагы боюнча Германиянын делегациясы келди

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Германиянын Туризм ассоциациясынын (DRV) президенти Норберт Фибиг баштаган делегациянын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча талкуулашты.

Марс Исаев келерки жылы Ош шаарында бир катар туристтик иш-чараларды өткөрүүнү сунуштап, бул Ош шаарынын туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана модернизациялоого тиешелүү түрткү бере ала турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана туризм тармагында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.