Энергетика: Электр энергиясын уурдоо эми болбойт – эски зым чубалгылары жаңы СИП чубалгыларына алмаштырылат
2024-2025-жылдагы жылытуу мезгили соңуна чыкты. Бирок энергетиктердин жумушу азайган жок, алар 2025-2026-жылдагы жылытуу системасына азыртадан камылга көрүп, даярдык иштерин башташты. Бул жылдын планында бир катар көмөк чордондорду жана аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүү бар. Алар кайсылар экенин Бишкек электр тармактар ишканасынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Темирбеков Биринчи радионун эфиринде айтып берди.
Ал белгилегендей, ушул жылдын 1-мартынан тартып 2025-2026-жылдагы кыш-күз мезгилине даярдануу иштери башталган. Аталган ишкана учурда жогорку чыңалуудагы 49 көмөк чордонун жана 594 чакырым аба чубалгыларын тейлейт. Булар боюнча 2025-жылдагы жасала турган иштердин планы төмөнкүдөй:
- 336 даана 6,10,0,4 кВ чыңалуудагы трансформаторлор, 148 чакырым аба чубалгылары – капиталдык оңдоодон.
- 1917 даана трансформаторлор жана 2170 миң чакырым аба чубалгылары, 810 чакырым кабелдик чубалгылары – утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.
«Оңдоого муктаж трансформатордор көп, аларды көп жылдык графикке жана жылдык графикке бөлүштүрөбүз, алгач алдын ала кызматкерлерибиз ошол жабдыктардын акыбалын жеринен барып көрүп, текшерип, оңдоо иштери зарыл же зарыл эмес деген тыянак чыгарышат. Жыйынтыгында, бир жылдык жана көп жылдык бизнес-план түзүлөт. Анын негизинде капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлөт», – деди Замирбек Темирбеков.
Ошону менен катар, анын айтымында, кыргыз энергетикасында акыркы жылдары жаңы курулуштар да орун алууда. 2024-жылы Бишкек шаарында 110 кВ эки көмөк чордону ишке берилген: «Аккула» жана «Ынтымак».
«Административдик-аймактык реформанын негизинде Бишкек шаарынын аянты чоңойууда. Андан улам керектөөчүлөрдүн саны көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы курулуштарды планга киргизип жүргүзүп жатабыз. Быйыл 2022-жылы ишке берилген «Алтын-Казык» көмөк чордонунун экинчи кезеги курулат, башкача айтканда, анын жанына окшош трансформатордон дагы бирди коюп, кубаттуулугун эки эсе жогорулатабыз. Андан сырткары Батыш РЭСтин кампаларын жаңылоо иштери турат.
Бишкектин аянты кеңейе баштаганына байланыштуу төртүнчү Түштүк РЭС курууну пландадык. Учурда мэрия тарабынан 70 сотых жер бөлүнүп берилди, долбоорлор иштерип чыгып, жакында курулуш иштери башталат.
Андан сырткары эски жабдыктарды алмаштыруу боюнча да иш жүргүзүп жатабыз. Мисалы, эски зым аба чубалгыларын жаңыга – кабелдик СИП-чубалгыларына алмаштырууну ишке ашыруудабыз. Булардын айырмасы – эски зым чубалгылары «жылаңач» деп коюлат, жез зымдар, ал эми СИП – бул сыртынан изоляцияланган кабелдик чубалгы. Анын жакшы жактары техникалык жоготуулар азаят жана уурдоолор жоюлат», – деп белгиледи бөлүм башчы.
