21 миллиард сомго 9000ден ашуун техника лиззингге берилди
16 декабрь

21 миллиард сомго 9000ден ашуун техника лиззингге берилди

Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү пайызы 6% менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма-сөз борборунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 21,8 млрд. сомго 9016 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2025-жылы 7,2 млрд. сомго 2029 техника берилген.

  • Комбайн – 56;
  • Айыл чарба машинасы – 407;
  • Кайра иштетүү техника – 13;
  • Атайын техника – 709.

Белгилей кетсек, соңку жылдары Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат.

Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» жана  «Элдик Банк»  ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп,  айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат.