Жыл башынан бери Кыргызстанга 7 миллионго жакын инкубациялык жумуртка импорттолду
10 декабрь

Жыл башынан бери Кыргызстанга 7 миллионго жакын инкубациялык жумуртка импорттолду

Кыргызстан 2024-жылдын 11 айында үчүнчү өлкөлөрдөн жалпы 6 971 760 инкубациялык жумуртка сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Түркиядан 4 922 000,
  • Өзбекстандан 2 033 760,
  • Франциядан 16 миң инкубациялык тоок жумурткасы импорттолду.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 664 182 ге көп. Тагыраагы, 2023-жылдын 11 айында жалпы 2 307 578 инкубациялык жумуртка келген. 

Ошондой эле, Франциядан 9 миң инкубациялык үндүк жумурткасы импорттолду. Ал эми Өзбекстандан 2 310 120 даана тоок жумурткасы алынып келинди.   

Тамак-аш жумурткасын алсак, жыл башынан бери өлкөгө 36 947 880 жумуртка импорттолсо, ал эми экспорт 236 600 түздү.