Таласта ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо маселелери талкууланды
Башкы прокуратура
23 июль

Таласта ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо маселелери талкууланды

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Отурумга жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, салык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл, архитектура-курулуш контролунун, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын жана жеке ишкерлер катышты.

Кеңештин алкагында аймактагы ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, ишкерлердин укуктарын коргоо багытында прокуратура тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтар берилди.