Аламүдүндө форель жана осетр балыгынын 1 миллион чабагын өндүргөн инкубациялык комплекс ачылды
Аламүдүндө форель жана осетр балыгынын 1 миллион чабагын өндүргөн инкубациялык комплекс ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы “Салих Аква” балык чарбасынын жаңы заманбап УЗВ-балык комплексинин ачылыш аземине катышты жана анын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Долбоордун жалпы баасы 576 миң АКШ долларын түзүп, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган форель жана осетр тукумундагы балык урук (икра) инкубациясына ылайыкталган.
Комплекс бир инкубациялык цикл ичинде 1 миллион балыктын чабагын (малек) өндүрүүгө жөндөмдүү.
Иш-чарада Бакыт Төрөбаев: “Бул долбоордун ишке ашырылышы республикадагы айыл чарбасында балык (аквакультураны) өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн фермерлерди балык чабактары (малек) менен камсыздоого шарт түзөт. Бул жагдай балыкка болгон ички муктаждыкты камсыздап, ал түгүл экспорттун көлөмүн арттырууга өбөлгө болот”, - деп билдирди.
Ошондой эле, иш сапардын алкагында министр Аламүдүн районундагы Ленин айылында “Митрофановка” балык чарбасынын ишмердүүлүгү менен дагы таанышты. Балык чарба департаменти 4 гектар аянтты 10 жылга балык чарбасына беришкен.
Долбоорго жумшалган жалпы инвестиция 83,7 млн сомду түзөт. Комплекс кычкылтек станциясы менен жабдылган жана жылына 3 миллион балык чабактарын (малек) даярдашат. Бул долбоорлордун алкагында 150 жумушчу орду түзүлдү.
