Чүйдө канаттуулар фабрикасы ачылды, ал чки керектөөнүн 15% камсыздайт
Чүй облусунда «Три Т» асыл тукум канаттуулар заводунун негизги объектилеринин бири болгон «Кировец» канаттуулар фабрикасы ачылды.
Жаңы агроөнөр жай долбоору Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржылык колдоонун негизинде ишке ашырылды.
Ишканада ар бири 50 миңден тоок багууга ылайыкталган төрт өндүрүштүк цех ишке берилди. Жаңы өндүрүш аянтчасындагы канаттуулардын жалпы саны болжол менен 200 миңди түзөт.
Фабрика суткасына 180 миңге чейин жумуртка өндүрө алат деп күтүлүүдө. Иштеп жаткан жана жаңы кубаттуулуктарды эске алганда, ишкана Кыргызстандагы тоок жумурткасына болгон ички керектөөнүн болжол менен 15 пайызын камсыздайт.
Бул долбоор ата мекендик агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле өндүрүштү ишке киргизүүнүн натыйжасында 25 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Долбоордун алкагында «Аталык» компаниялар тобу тоют өндүрүүдөн жана жумурткаларды инкубациялоодон тартып, даяр продукция чыгарууга чейинки толук циклдүү, вертикалдык интеграцияланган өндүрүш кластерин түзүүдө.
