Салык кызматы болжол менен 18 млн сомдук товарды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады
Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Ак-Тилек автожол» товарларды эсепке алуу пунктунда товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты.
Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок жез зымдар, кондитердик азыктар, кийим-кече жана башка эл керектөөчү товарлар табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы болжол менен 18 млн сомду түзөт.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында процессуалдык иш-чаралар башталды.
