Кыргызстан негизги азык-түлүк продукциялары менен өзүн-өзү камсыздоодо
Кыргызстан тогуз (9) социалдык мааниге ээ азык-түлүк продукциялары боюнча өзүн-өзү толук камсыздап келет. Алар сүт, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, картошка, эт, шекер, жумуртка.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарындагы Ош базарында сезондук азык-түлүк товарларына мониторинг жүргүздү.
- Сабиз – 45 сом
- Пияз – 40 сом
- Картошка – 50 сом
- Калемпир – 80 сом
- Помидор – 35 сом
- Шабдалы – 120 сом
- Алма – 100 сом
- Алча – 380 сом
Жакынкы күндөрү өлкө аймагында 2025-жылдагы айыл чарба продукцияларынын түшүмүн жыйноо иштери башталат. Ошондуктан, негизги азык-түлүк товарларына болгон баалар күзгө чейин туруктуу бойдон калышы күтүлүүдө.
Өндүрүш жана камсыздоо көрсөткүчтөрү (2024–2025):
Дан өсүмдүктөрү боюнча:
- 2024-жылы валдык жыйым 664,8 миң тоннага жетти. Бул айдоо аянттарынын азайышына карабастан түшүмдүүлүктүн кескин жогорулашынын эсебинен мүмкүн болду.
- Жашылча жана коон-дарбыз өсүмдүктөрү боюнча:
- Жыйым – 1 227,5 миң тонна жашылча жана 280,9 миң тонна коон-дарбыз.
- Камсыздоо деңгээли – 173,9 %.
Мөмө-жемиштер боюнча:
Жыйым – 346,2 миң тонна. Камсыздоо деңгээли – 36,1 %. Калган бөлүгү ар кайсы өлкөлөрдөн импорттолот. Өзгөчө цитрус жана экзотикалык жемиштер негизинен төмөнкү мамлекеттерден ташылат: Кытай, Өзбекстан, Эквадор, Түркия, Иран, Пакистан, Бразилия.
Эт жана эт азыктары боюнча:
- 2024-жылы өндүрүлгөн көлөм – 257,4 миң тонна, керектөө – 309,4 миң тонна,
- камсыздоо деңгээли – 86,2 %. 2025-жылдын 5 айында өлкө 94,5 миң тонна эт өндүрүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 миң тоннага көп.
6 айдын жыйынтыгы боюнча калкты камсыздоо деңгээли — 79,7 %. Кыргызстан ички өндүрүштү күчөтүү менен катар эт рыногунда сырткы экономикалык байланыштарга да активдүү катышууда.
Сүт боюнча:
2024-жылдагы өндүрүм – 1 823,8 миң тонна, камсыздоо деңгээли – 114,9 %.
Өлкө 350–400 миң тонна сүттү экспорттоого жөндөмдүү. Азыркы учурда Кыргызстан сүт тармагында өзүн-өзү толук камсыздап, экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ.
Жумуртка боюнча:
6 ай ичинде өндүрүлгөн — 393,7 млн даана, камсыздоо деңгээли — 71,3 %.
Өсүмдүк майы боюнча:
2025-жылдын алты айында республикада 12,1 миң тонна өсүмдүк майы өндүрүлүп, камсыздоо деңгээли — 79,9 % түзгөн.
