Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 44,6 млн кВт.саатты түздү
Өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 44,6 млн кВт.саатты түздү. Бул көрсөткүч мурунку күндөргө салыштырмалуу электр энергиясын керектөө деңгээлинин төмөндөгөнүн көрсөтөт.
2026-жылдын 23-июлуна карата Кыргыз Республикасынын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Алдыдагы күз-кыш мезгилине (ККМ) даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.
Пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын расмий сайты www.nesk.kg, ошондой эле «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.
Энергетиктер керектөөчүлөрдү, айрыкча эң жогорку жүктөм болгон сааттарда, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырышат. Бул энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого өбөлгө түзөт.
