Чоң-Алайда 400 тонналык картошканын үрөнүн сактоочу логистикалык борбор ачылат
29 июль

Чоң-Алайда 400 тонналык картошканын үрөнүн сактоочу логистикалык борбор ачылат

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында 400 тонналык үрөн картошканы сактоого ылайыкташкан заманбап логистикалык борбордун ачылышы  өтөт.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, бул логистикалык борбор эки бөлмөдөн турат, ар бир бөлмөнүн сыйымдуулугу — 200 тонна.

Ошондой эле анын аймагында картошканы сорттоого арналган атайын зона да каралган.

Логистикалык борбордун муздаткыч камераларын куруу үчүн каржылык колдоо төмөнкү булактардан көрсөтүлгөн:

  • Ош облусу тарабынан – 5 млн сом,
  • Чоң-Алай райондук администрациясынан – 5 млн сом,
  • Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн – 1 млн сом,
  • «Гуд Нейборс» уюму тарабынан — 12 млн сомдон ашык каражат.

Объект Кыргыз Республикасынын мамлекеттик колдоосу менен курулууда. Ал эми «Гуд Нейборс» уюму логистикалык борборду төмөнкү өндүрүштүк жабдуулар менен камсыздайт:

  • 2 даана муздаткыч агрегат,
  • 1 даана этилен абсорбери,
  • 2 даана өндүрүштүк нымдандыргыч,
  • 125 кВт кубаттуулуктагы генератор,
  • 1 даана электр жүк ташуучу,
  • Жыгач контейнерлер.

Мындан сырткары, логистикалык инфраструктураны пайдалануу менен Колумбиядан алып келинген "супер-супер элита" сортундагы үрөн картошка отургузулган. Бул иш-аракеттин негизги максаты — экспортко багытталган картошка өндүрүшүн өнүктүрүү.

Аталган логистикалык борбор айыл чарба продукцияларын сапаттуу сактоо, үрөн картошканын туруктуулугун жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле фермерлерди колдоо аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот.