Сулайманова: Бизде жеткиликтүү адис жок, билим толук эмес, ошондуктан жерди чет өлкөлүктөргө ижарага берүүгө муктажбыз
23 июль

Сулайманова: Бизде жеткиликтүү адис жок, билим толук эмес, ошондуктан жерди чет өлкөлүктөргө ижарага берүүгө муктажбыз

Кыргызстандын жерлери чет элдиктерге кандай учурда узак мөөнөттүү ижарага берилет жана мындан мамлекет кандай утушка ээ болот? КР Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы Айнура Сулайманова “Биринчи радиого” билдиргендей, бул биринчи кезекте мамлекеттин өнүгүүсү үчүн керек.

Ал учурда жерге байланышкан маселе коомчулукта резонанс болуп жатканын белгилеп, бирок жерди ижарага берүү мыйзам чегинде гана жүрүп жатканын кошумчалады.

“Жерди пайдаланууга берүү Конституцияда, Жер кодексинде жана Жарандык кодексте көрсөтүлгөн жана инвестициялар тууралуу мыйзамдарда жөнгө салынып турат. Азыр мамлекетибиз өнүгүүгө бет алды, нечен жылдардан бери өнүгө албай жаткан өлкө болчубуз. Өнүгүүнү башташ үчүн инвесторлорго муктаж болуп жатабыз. Бизде жеткиликтүү адис жок, билим толук эмес. Ири техникаларды жөнгө салууга инвесторлор зарыл. Ошондуктан инвесторлорду тартуу менен мамлекет белгилүү жерлерди аныктап, берип жатат. Анын баары ири объектилер, улуттук жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор”, – деди ал.

Айтымында, кайсы бир инвестиция үчүн мамлекеттен жер бөлүнүп берилээрде бир катар маселелер каралат: долбоор узак мөөнөттүүбү же кыскабы (ага жараша жерди канча жылга берүү чечилет), объекти канча жылда курулуп бүтөт жана канча адамды жумуш менен камсыз кылат. Экинчиден, инвестордун буга чейин ишке ашырган долбоорлорунун тарыхы жана каражат салууга дарамети эске алынат.

“Биз Конституцияны кабыл алып жатканда жер – элибизге гана тийиштүү, ал мамлекеттин, жеке жана муниципалдык гана менчикте болушу керек, чет өлкөлүктөргө, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана чет өлкөлүк катыштыгы бар жарандарга берилбейт деген берене киргизгенбиз. Жер кодекси кабыл алынганда да “чет өлкөлүктөргө берилбейт” деп так жазганбыз. Бирок мыйзамдарда жана буга чейинки Жер кодексинин 7-беренесинде чет өлкөлүк жарандарга 50 жылга чейин жерди ижарага берүүгө болоору белгиленген. Албетте, сөзсүз эле 50 жыл эмес, 10 жыл, 25 жыл болушу мүмкүн, бирок максималдуу чеги – 50 жыл”, – деди Сулайманова.