МСК: 1-майга чейин салык декларациясын тапшыруу керек
Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жакындап калганын эскертет.
Салык органдарындагы кезектердин орун алышын жана маалыматтык системалардын жүктөлүшүн болтурбоо үчүн декларацияны эртерээк тапшырууну сунуштайбыз:
- Кезексиз
- Шашпастан
- http://xn--abinet-hrf.salyk.kg/ сайты аркылуу онлайн тапшырууга болот
- Эң башкысы – айып пулсуз
Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:
- жеке ишкерлер;
- патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;
- чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КРнын жараны;
- киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар.
