Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 8,3 пайызды түздү
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 8,3 пайызды түздү.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 8,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 7,9 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 7,0 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 9,1 пайызга жогорулаган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалды.
Мында, баалардын эң жогорку өсүшү (10,7 пайыз) Ош шаарында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын жогорулашынын эсебинен (10,7 пайызга) катталган. Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң жогорку өсүшү (12,0 пайызга) Чүй облусунда, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (14,2 пайызга) Ысык-Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине (10,6 пайызга) Талас облусунда белгиленген.
