Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 10,2%га өстү
15 декабрь

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 10,2%га өстү

Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоолор боюнча 2025-жылдын январь-ноябрында өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 10,2 пайызга жогорулап, бир триллион 628,6 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (1,9 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (34,5 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (33,7 пайызга), тамак-ашазыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн
(27,8 пайызга) химиялык продукциялардын (21,5 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүрүшүнүн (9,6 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (15,3 пайызга) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 29,0 пайызды, дүң жана чекене соода – 9,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,0 пайызды түздү.