РКӨФ Таластагы ГЭСтин курулушуна 120 млн сом бөлдү
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы кезектеги стратегиялык долбоорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштүктү расмий түрдө бекемдеди. Айтматов районундагы «Баарын» кичи гидроэлектр станциясынын курулушун аяктоого 120 млн сом бөлүү тууралуу келишимге кол коюлду.
Куркуроо дарыясындагы кубаттуулугу 4 мегаватт болгон ГЭС долбоору ишке ашыруунун акыркы этабында турат.
Учурда объекттин даярдыгы 90%ды түзөт: узундугу 3 чакырым болгон деривациялык каналдагы бетон иштер толугу менен аяктап, негизги имараттар жана басым бассейни курулган. Фонддун каражаттары соңку этаптагы эң маанилүү иштерге — жогорку технологиялык жабдууларды сатып алууга, аларды орнотууга, түтүктөрдү төшөөгө жана ишке киргизүү-сыноо иштерине жумшалат.
«Кичи энергетиканы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагындагы негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат. “Баарын” ГЭСи бул программаны аткарууга маанилүү салым кошот. Станция жылына 16 млн киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп, Айтматов районунун керектөөсүнүн 15%ын камсыздоого мүмкүндүк берет», — деди РКӨФтүн башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
