Орто-Токой ГЭСин куруу иштери 65% аяктады
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетикалык тартыштыкты жоюга багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Анын катарында Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой ГЭСин куруу иштери кирет. Бүгүнкү күндө ГЭСтин куруу иштери 65% аяктады.
Иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, төмөнкү жумуштар аткарылды:
• Курулуш объектилерине убактылуу жана туруктуу жолдор курулду;
• Куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, бетон аралаштыруучу түйүндөр, компенсациялык блоктор жана электр камсыздоо объектилери толук аяктады;
• Ар бир гидроагрегат үчүн үч соордургуч түтүктүн конустары монтаждалды
• суу алуу каналдарынын куруу иштери маалына көтөрүү жөндөмдүлүгү 10 тонна болгон курулуш краны (козловой кран) орнотулду
• Узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннели казылды.
Учурда адистер казылган 928 метр тоннелди арматуралоо жана бетондоп куюу жумуштарын аткарууда жана гидроагрегаттардын спиралдык камераларын орнотуу үчүн чогултуу жана монтаждоо иштерин алып барууда. Болжол менен, курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.
Маалымкат:
Орто-Токой ГЭСнин мезгил капсуласын салуу аземи 2024-жылдын 29-июнунда өткөн. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт. Орто-Токой ГЭСи ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.
