Кыргызстандагы финансы секторунун уюмдарынын капиталы дээрлик эки эсе көбөйдү
2025-жылы экономиканын финансы секторунда 576 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 22 коммерциялык банк, 532 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 19 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү.
Финансы секторундагы уюмдардын кардарлар базасы бир жылда 43%га же 7,5 миллиондон ашыкка көбөйүп, 2025-жылдын аягына карата 25 миллионго жетти, бул мобилдик банкингди колдонгон банк кардарларынын санынын өсүшүнө, онлайн кредит берүү системасынын өнүгүшүнө, ошондой эле камсыздандыруу тармагында түзүлгөн келишимдердин санынын көбөйүшүнө байланыштуу болду.
2025-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 27,4%га көбөйүп, 253 млрд. сомдон ашты, бул банк секторунун кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды.
Финансы секторундагы уюмдардын жалпы санынын дээрлик 60%ы 2025-жылды пайда менен аяктады, ал эми уюмдардын 15%га жакыны чыгаша тартты. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен финансы секторунун уюмдары 105 млрд. сомдон ашык пайда алышты, бул 2024-жылга караганда 23%га көп. Пайданын негизги өсүүсү Улуттук банк тарабынан камсыздалды.
2025-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кредиттеринин көлөмү 574,5 млрд. сомду түздү, мында кредиттердин жалпы көлөмүнүн 88%ы коммерциялык банктарга туура келди. Кредит берүүнүн негизги багыттары жарандардын керектөө муктаждыктары (жалпы көлөмдүн 37%га жакыны), соода чөйрөсү (23%ы), айыл чарба (10,5%ы) жана ипотека (10%) болду.
Экономиканын финансы секторунун уюмдарынын суммардык активдери бир жылдын ичинде 1,5 эсеге көбөйдү жана 2025-жылдын аягына карата 2 189,1 млрд. сомду түздү. Алардын кирешелүүлүгү 5,8% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли күрөөканаларда (21%) жана камсыздандыруу уюмдарда (16%) байкалган.
Финансы секторунун уюмдарынын капиталынын наркы бир жылда дээрлик 2 эсеге көбөйдү жана 571,6 млрд. сомго жетти. Капиталдын наркысынын көбөйүшү Улуттук банкта (172,3 млрд. сомго), коммерциялык банктарда (95,4 млрд.) жана микрокредиттик уюмдарда (6,2 млрд. сомго) белгиленди.
