Германия менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палаталары кызматташтыкты кеңейтүүдө
4 апрель

Германия менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палаталары кызматташтыкты кеңейтүүдө

Германия менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палаталары кызматташтыкты кеңейтүүдө, деп билдирет КР СӨПтүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине Германиянын Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус баштаган делегация келди.

Иш сапар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ишкердик жана билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого багытталган.

Ардактуу конокторду президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана Ош облустук соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кантөрө Турдубаев куттукташты.

Иш сапардын алкагында немис тилин окутуу борборунун ачылышы болуп өттү, бул немис тилин билген жана эл аралык бизнес процесстерин түшүнгөн адистерди даярдоодо маанилүү кадам болот.

Мындан тышкары, билим берүү программаларын кеңейтүү, кадрларды даярдоо жана эл аралык компанияларда келечектеги ишке орношуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлуп, студенттер жана ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.