Орто-Токой суу сактагычында ГЭСтин курулушу кызуу жүрүп жатат
12 март

Орто-Токой суу сактагычында ГЭСтин курулушу кызуу жүрүп жатат

Орто-Токой суу сактагычында «Чакан ГЭС» ААКна таандык жаңы ГЭСтин курулушу уланууда. Болочок станциянын орнотулган кубаттуулугу 21 МВт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 75 млн кВт/ч болот.

Долбоордун алкагында куруучулар үчүн убактылуу шаарча жана бетон заводу курулуп, бул иштердин ыраатын тездетүүгө шарт түздү. Учурда төмөнкү жумуштар аткарылууда:

  • Чыгаруучу каналдын тирөөч дубалын бетон менен куюу боюнча курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат. 
  • Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аяктады. 
  • Туннелде бургулоо иштери жүрүүдө, 10-мартка карата 460 метр казылды. 
  • Суу сактагычтын жогорку кыркасында жол салуу иштери аткарылууда.

Маалымат үчүн: Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 30-июлунда бекитилген. 2023-жылдын 24-мартында China National Machinery Industry Corporation (СНМС) менен  «Чакан ГЭС» ААКу ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон.

Курулуш бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Аяктоо мөөнөтү – 2026-жылдын биринчи жарымы.