Алмамбет Шыкмаматов: Курулуш компанияларын бирдиктүү салык режимине өткөрүү тармакты көмүскөдөн чыгарат
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү курулуш ассоциацияларынын жана компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, курулуш ассоциацияларынын, ири жана аймактык компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин, анын жумуш орундарын түзүүдөгү, инфраструктураны өнүктүрүүдөгү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы ролун баса белгиледи.
«Бул жылы курулуш тармагынан түшкөн киреше 17 млрд сомду түздү. Ал эми 2024-жылы – 10 млрд сом болгон. Акыркы беш жылда түзүлгөн система тармакты көмүскөдөн чыгарууга багытталган. Бүгүнкү күндө компаниялар ачык иштөөгө өтүп, салыктарды өз убагында төлөп, заманбап технологияларды киргизүүдө», – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы.
Ал тармактагы салык системасын мындан ары жөнөкөйлөтүү жана өркүндөтүү зарылдыгына токтолду.
Негизги чечимдердин бири катары курулуш компанияларын бирдиктүү салык режимине өткөрүү пландалууда.
Бул административдик жүктү азайтып, ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатып, ак ниет бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Ал ошондой эле бул жолугушуу мамлекет менен курулуш секторунун ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.
Жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков курулуш тармагына тиешелүү салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди сунуштады.
Мындан тышкары, катышуучулар салык маселелерин, анын ичинде объектилер сатылгандан кийинки сатуу салыгын төлөө, мүлк салыгын кайра эсептөө, салык жеңилдиктерин берүү, ошондой эле Салык кызматынын электрондук кызматтарын өнүктүрүү жана отчеттуулукту тапшырууну жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.
