«Айдоо Фест 2026»:  жеңүүчүлөр кандай сыйлык алышты?
21 апрель

«Айдоо Фест 2026»: жеңүүчүлөр кандай сыйлык алышты?

18–19-апрелде Чүй облусунун Кожомкул айылында «ABank» ААК тарабынан уюштурулган «Айдоо Фест 2026» аттуу ири агроөнөр жай фестивалы өттү. Эки күндүн ичинде иш-чара өлкөнүн бардык аймактарынан келген 15 000ден ашуун катышуучуларды жана конокторду – фермерлерди, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, бизнес өкүлдөрүн жана тармактык уюмдарды бириктирди.

Фестивалдын башкы өнөктөшү болуп «Автомаш Радиатор» ЖЧК, ал эми расмий өнөктөшү болуп СТСК «Агромаш Холдинг Тех Сервис» чыкты.

«ABank» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджановдун айтымында, «Айдоо Фест» агроөнөр жай секторун өнүктүрүү, фермерлерди колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду. Ал белгилегендей, фестиваль өткөн жылдагы демилгени – Кыргызстандагы биринчи айдоо боюнча чемпионатты улантып, 2026-жылы толук кандуу республикалык деңгээлдеги аянтчага айланды.

Фестивалдын негизги окуясы – айдоо боюнча республикалык чемпионат болуп, анда Кыргызстандын 7 облусунан келген мыкты механизаторлор, аймактык этаптардын жеңүүчүлөрү күч сынашты.

Айдоо боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун – Талас облусу: Кенешбеков Бектур, Усонов Бексултан
    Сыйлык: Россиядагы айдоо чемпионатына жолдомо («ABank»), «ППТ-042 Tukan HP» пресс-подборщиги, ошондой эле «Автомаш Радиатор» ЖЧКдан 100 000 сом жана 500 USD сертификаттары
  • 2-орун – Чүй облусу: Оморов Кубанычбек, Бакытбек уулу Талас
    Сыйлык: 1LF-430 обороттук сокосу жана «Агромаш Холдинг Тех Сервис» тарабынан сертификаттар
  • 3-орун – Ош облусу: Мойдунов Исабек, Уларбек уулу Эгемберди
    Сыйлык: VMS барабандык чапкыч (1,9 м) жана «Автомаш Радиатор» ЖЧКдан сертификаттар

4–7-орундарды ээлеген катышуучулар да сыйлыктарга ээ болуп, аларга телевизорлор жана банк өнөктөштөрүнүн сертификаттары тапшырылды.

Өзгөчө көңүлдү кой кыркүү боюнча конкурс бурду. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 14 катышуучу катышты.

Кой кыркүү боюнча конкурс жыйынтыктары:

  • 1-орун: Тилек Билалов (Чүй облусу) – «Ватан Агро» компаниясынан бир орундуу саан аппараты жана торпок багуучу бөтөлкө, ошондой эле 1000 USD сертификат
  • 2-орун: Курманалиев Марат (Талас облусу) – TCL телевизору жана 1000 USD сертификат
  • 3-орун: Токолдошев Нурбек (Чүй облусу) – уюлдук телефон жана 1000 USD сертификат
  • 4-орун: Кыскараев Эсенкул (Чүй облусу) – уюлдук телефон жана 1000 USD сертификат
  • 5-орун: Алтымышов Тагай (Бишкек ш.) – Dikforce шаймандар топтому жана 1000 USD сертификат

Механизаторлордун чеберчилиги жана маневрдүүлүгү боюнча мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 21 катышуучу катышып, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн көрсөтүштү.

Жыйынтыктар:

  • 1-орун: Шигаев Кубатбек – «Салем Агро» ЖЧКдан минералдык жер семирткич чачуучу, ошондой эле трактор (500 USD) жана комбайн (200 000 сом) сатып алууга сертификаттар
  • 2-орун: Исматов Улан – «Ватан Агро» компаниясынан саан аппараты жана торпок багуучу бөтөлкө, ошондой эле сертификаттар
  • 3-орун: Кубанычбеков Алмаз – шаймандар топтому, трактор үчүн магнитола жана сертификаттар
  • 4-орун: Кемелкан уулу Аскар – 18 литр мотор майы
  • 5-орун: Токонов Куттубек – 18 литр мотор майы

Мелдештерден тышкары фестивалда блогерлер арасындагы конкурстар, фан-пасстар боюнча акциялар, айыл чарба жарманкеси жана үй-бүлөлүк интерактивдүү программалар уюштурулду.

Иш-чаранын аймагында айыл чарба техникасынын көргөзмөлөрү, фермерлер жарманкеси, эс алуу зоналары жана балдар аянтчалары иштеди. Өзгөчө кызыгууну арашан породасындагы койлордун көргөзмөсү жаратты, анда салмагы 214 кг жеткен кочкор да көрсөтүлдү.

«Айдоо Фест 2026» өлкөдөгү эң ири агрардык иш-чаралардын бири болуп, кесиптик коомчулукту жана кеңири аудиторияны бириктирди. Фестиваль тажрыйба алмашуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча экенин дагы бир жолу далилдеди.

«ABank» ААК фестивалды жыл сайын өткөрүүнү пландаштырууда.