Атамекендик өндүрүштүн көйгөйү – алар мамлекеттин муктаждыгын жабууга жөндөмдүү, бирок колдоо жетишпейт
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Карабекова Кыргызстандагы атамекендик компаниялар туш келген көйгөйгө токтолду.
Ал КР президенти Садыр Жапаровго кайрылды.
Депутат мамлекеттик сатып алуулар аркылуу атамекендик өндүрүштү колдоого алуу зарылчылыгын билдирди.
“Бизде айнек өндүргөн жалгыз өндүрүш бар – “Интерпласт” ЖЧКсы. Бирок продукциялары бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулар аркылуу жетиштүү сатылып алынбай жатат. Компаниянын жалпы айнек продукциясынын рыноктук көлөмү 23 миллиард сомду түзөт. А азыр мамлекеттик сатып алууда болгону 10-15 пайызы гана пайдаланылып жатат. Болбосо потенциалы абдан чоң. Мамлекеттин муктаждыгын 100 пайыз камсыздай алышат”, – деди ал.
Ошондой эле, депутаттын айтымында, аталган компания айнек мешин иштетүү үчүн күнүнө болжол менен 2 миллион сом коротот. Эгерде мамлекеттик сатып алуулар ушул компаниядан жүргүзүлсө, алардын экспорттук мүмкүнчүлүгү да кеңейип, тышкы валюталардын өлкөгө кирүүсүнө шарт түзмөк.
Карабекова ошондой эле тиричиликке керектүү металл конструкцияларын өндүргөн “Маткасымов” компаниясы жана вентиляциялык люк чыгарган “МегаВентс” компаниясы дагы ушундай эле көйгөйгө кабылганын кошумчалады.
“Маткасымов” мамлекеттен продукцияларын сатып алуу боюнча колдоого муктаж болсо, “МегаВентс” өндүрүшүн көбөйтүү максатында жер ресурсуна зарыгып турат.
Депутат президент Садыр Жапаровдон атамекендик өндүрүштү колдоо үчүн ушул маселелерди жеке көзөмүлүнө алууну суранды.
