Кыргыз балынын өндүрүүчүсү «Медовая Артель» ЖЧКсы мамлекеттин колдоосу менен Өзбекстандын рыногуна чыгууда
фото: МЭККР
9 апрель

Кыргыз балынын өндүрүүчүсү «Медовая Артель» ЖЧКсы мамлекеттин колдоосу менен Өзбекстандын рыногуна чыгууда

Кыргыз балынын өндүрүүчүсү «Медовая Артель» ЖЧКсы мамлекеттин колдоосу менен Өзбекстандын рыногуна чыгууда.

Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү колдоо көрсөтүлүп, Өзбекстанда юридикалык жакты ачууга көмөк көрсөтүлдү, ошондой эле ишкердик жүргүзүү жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык иш алып баруу боюнча консультациялар берилди.

2026-жылдын 9-апрелинде Ташкент шаарындагы «Food City» соода комплексинде соода аянтын ижарага алуу боюнча келишим түзүлүп, ата мекендик продукцияны рынокто илгерилетүүгө шарт түзүлдү.

Жакынкы мезгилде 4 тонна көлөмүндө табигый балды экспорттоо пландалууда, бул Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эки өлкө ортосундагы кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.