Энергетика министрлиги алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин күчөтүүдө
Энергетика министрлиги
22 июль

Энергетика министрлиги алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин күчөтүүдө

Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун төрагалыгы алдында 22-июлда өлкөнүн энергетикалык комплексин 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө даярдоо боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жыйынга президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле республиканын бардык аймактарындагы энергетикалык компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо, оңдоо иштеринин жүрүшү, электр тармактарынын, көмөк чордондордун жана жабдуулардын даярдыгы, ыкчам оңдоо-калыбына келтирүү кызматтарынын ишке даярдыгы, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү энергетика тармагынын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Ал бардык пландалган оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, энергетикалык объектилердин даярдыгын көзөмөлдөөнү күчөтүү, ыкчам бригадаларынын даярдыгын жана керектүү материалдык-техникалык корлордун болушун камсыз кылуу боюнча тиешелүү энергокомпанияларга тапшырмаларды берди.

Ошондой эле аймактардагы даярдык иштеринин аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана белгиленген иш-чаралардын сапаттуу аткарылышы белгиленди.

Энергетика министрлиги алдыдагы 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин ишенимдүү өткөрүү, энергетикалык системанын туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүү багытында системалуу иштерди улантууд