Бишкекте Кыргызстандын сатуучулар жана маркетплейстеринин II форуму өттү
Бишкекте 13-майда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Электрондук коммерция комитети тарабынан, Кыргыз Республикасынын Чек ара аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясы менен биргеликте, КР Соода-өнөр жай палатасынын, «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемесинин жана «Кыргыз Почтасынын» колдоосу астында Кыргызстандын сатуучулар жана маркетплейстеринин II Форуму өткөрүлдү.
Форумга ишкерлер, өндүрүүчүлөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык маркетплейстер, логистикалык, IT жана финансы компаниялары, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги окуясы болуп Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жаңы экспорттук маркетплейсинин бет ачары болду.
Бул санариптик платформа ата мекендик өндүрүүчүлөрдү эл аралык рынокко чыгарууга, экспортту өнүктүрүүгө жана кыргыз продукциясын дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга багытталган.
Форумдун алкагында электрондук коммерцияны өнүктүрүү, сооданы санариптештирүү, чек ара аралык логистика, экспорт жана аймактык кызматташтык маселелери талкууланды.
Форум Кыргызстандагы электрондук коммерциянын өнүгүшүнө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп калды.
