Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 109% түздү
9 декабрь

Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 109% түздү

“Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, бул Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Өкмөттүн ишинин натыйжасы. 2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк” – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарган Президенттик Администрациянын жыйынында.
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 1 225 950,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109%ды түздү (2023-жылдын январь-ноябрында – 104,4 %). “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 1 159 813,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 110,3%ды түздү.  
 
Туруктуу өсүш баарыдан мурда өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн бир кыйла көбөйтүү менен шартталган. Экспорттун жана инвестициянын өсүшү да процесске салым кошууда.