Жыл башынан бери Кыргызстанга 82 тонна үстөл оюндары жана көңүл ачуучу товарлар импорттолгон
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
23 июль

Жыл башынан бери Кыргызстанга 82 тонна үстөл оюндары жана көңүл ачуучу товарлар импорттолгон

2026-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанга үстөл үстүндө жана бөлмө ичинде ойноочу оюндарды кошкондо, көңүл ачууга арналган 82 тонна товар импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу мындай товарлардын импорту дээрлик үч эсеге көбөйгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөгө 27,6 тонна продукция алып келинген.

Импорттолгон товарлардын жалпы наркы 16,9 млн сомду же 192,9 миң АКШ долларын түзгөн. Доллар менен эсептегенде импорттун көлөмү 2,8 эсеге өскөн.

Негизги жеткирүүчү Кытай болуп, бул өлкөдөн 54,7 тонна товар 120,3 миң АКШ долларына импорттолгон. Натуралдык көлөм боюнча жалпы импорттун болжол менен үчтөн экиси Кытайдын үлүшүнө туура келген.

Өзбекстандан 13,6 тонна продукция 9 миң АКШ долларына, Россиядан 12 тонна товар 52,1 миң АКШ долларына жеткирилген.

Мындан тышкары, көңүл ачууга арналган товарлар Бельгиядан, Вьетнамдан, Германиядан жана Эстониядан да импорттолгон.