www
17 март
2026-жылдын январында Кыргызстанга $220,3 млн которулган
2026-жылдын январь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү $220,3 млн түзгөн. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирет.
Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн $205,7 млн көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар $14,6 млн болгон.
2026-жылдын январь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү $17,7 млн түздү.
Анын $16,3 млн КМШ өлкөлөрүнө, $1,4 млн алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
