Кыргызстанда жумуртканын баасы эмнеге өсүүдө жана бул качан жөнгө салынат?
Кыргызстанда акыркы айларда жумуртканын баасы өсүүдө. Анын биринчи себеби – өткөн жылы жумуртканын баасынын ылдый болушу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди.
Айтымында, учурда жумуртканын дүң баасы 1-2 сомго кымбаттаган жана бул чекене баасынын өсүшүнө таасирин тийгизүүдө.
“Жумурткага болгон баанын өсүшүндө көп фактор бар. Биринчиси, өткөн жылы жумуртка арзан болгон. Өздүк наркындай эле баада сатылган. Бул көп фермерлердин өндүрүшүнүн азайышына алып келди.
Экинчи фактор – сезондук профилактика, тоокторго ар кандай ооруларга каршы вакцина саюу. Вакцинадан кийин жумуртка өндүрүү азаят, ага ылайык баа кымбаттайт. Менимче, бир жарым, эки айдан кийин баары баштагы нугуна түшөт”, – деди Чекирбаев.
