Кыргызстандыктар тоок этин көбүрөөк колдоно башташты
23 июль

Кыргызстандыктар тоок этин көбүрөөк колдоно башташты

2026-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанга 35,9 миң тонна үй канаттууларынын эти жана жегенге жарактуу кошумча азыктары импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Импорттолгон продукциянын жалпы наркы 3,45 млрд сомду же 39,4 млн АКШ долларын түзгөн.

2025-жылдын январь–май айларына салыштырмалуу импорттун көлөмү 1,8%га, ал эми доллар менен эсептегендеги наркы 9,7%га өскөн.

Үй канаттууларынын этин жеткирүү боюнча Кытай негизги өнөктөш болгон. Бул өлкөдөн Кыргызстанга 19,3 миң тонна продукция 15,5 млн АКШ долларына импорттолгон. Жалпы импорттун көлөмүнүн болжол менен 54%ы Кытайдын үлүшүнө туура келген.

Россиядан 6,2 миң тонна үй канаттууларынын эти 8,6 млн АКШ долларына, Украинадан 4,9 миң тонна продукция 8,2 млн АКШ долларына жеткирилген.

Мындан тышкары, Кыргызстан Казакстандан, Беларусь Республикасынан, Литвадан, Польшадан жана Өзбекстандан да үй канаттууларынын этин импорттогон.