Экономика министрлиги Wildberries-Russ компаниясынын кампаларындагы окуя боюнча ата мекендик ишкерлерге келтирилген зыянды баалоо иштерин координациялоодо
2026-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасындагы Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү А. Воробьев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын 18-июлуна караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык комплекстерине учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды. Аталган окуянын натыйжасында кампаларда товарлары сакталган Кыргыз Республикасынын тигүү тармагынын ишкерлери дагы жабыркаган.
Wildberries-Russ компаниясынын өкүлдөрү келтирилген зыянды баалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде кампалардын жабыркаган көлөмүн аныктоо, ошондой эле кампаларда сакталган товарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ишкерлери өндүргөн продукцияны инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Баалоо иштери аяктап, Wildberries-Russ компаниясынан тиешелүү маалыматтар алынгандан кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу максатында кошумча эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат.
Мындан тышкары, министрлик ата мекендик тигүү тармагынын ишкерлерине келтирилген алдын ала зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүү аркылуу маалыматтарды чогултууда. Ошол эле учурда Wildberries-Russ компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте жоголгон товарлардын так көлөмүн аныктоо жана келтирилген зыянды баалоо үчүн товарларды инвентаризациялоо маселеси иштелип чыгууда.
