Польшада Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн бизнес-форум өттү
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги
25 май

Польшада Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн бизнес-форум өттү

Польшанын Варшава шаарында 18-майда Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн бизнес-форум өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Германиядагы элчилигинен кабарлашты.
Аталган иш-чара 2026-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинде өткөн Ишкер айымдар форумунун уландысы болду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Германиядагы, Польшадагы жана Украинадагы өкүлчүлүгү, Евразия бизнес-ассоциациясы жана Польшадагы Кыргызстандын айымдарынын «Данакер» диаспорасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Форумдун алкагында «Кыргызстандын тигүүчүлөр ассоциациясы» Польша инвестициялар жана соода агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар тигүү өндүрүшү жаатындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргыз тигүү ишканаларынын өкүлдөрү польшалык өндүрүш цехтери жана өнөктөштөр менен түз байланыштарды түзүштү.
Кыргызстандык ишкерлер Варшава жана Лодзь шаарларындагы ири базарларды, ошондой эле «Cutting Partners» тигүү фабрикасын барып көрүп, өндүрүш процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана Европа рыногунун талаптары менен таанышышты.

Форумдун жыйынтыгында «Кыргызстандын тигүүчүлөр ассоциациясы» менен «Евразия бизнес-ассоциациясынын» ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.