Кыргызстанда цементтин баасын бекитүү пландалууда: Антимонополия заводдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
21 апрель

Кыргызстанда цементтин баасын бекитүү пландалууда: Антимонополия заводдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Антимонополдук жөнгө салуу кызматы Кант цемент заводу менен «Терек-Ташка» жасаган жумушчу сапардан кийин цемент заводдору менен баа келишимин түзүүнү сунуштады. Мындай кадамга Өзбекстан жана Казакстандан келген арзан цементтин ички рынокко тийгизген басымы себеп болду.

Учурда Кант заводунда М400 цементинин дүң баасы тоннасына 7 000 сом же 50 килограммдык капка 350 сомду түзөт. «Терек-Ташта» М500 цементи тоннасына 6 600 сом, бир капка 330 сомдон сатылууда. Эки ишкана тең дээрлик максималдуу кубаттуулукта иштеп жатат.

Импорттук басымдан тышкары, заводдор чек арадагы транспорттук кармалуулардан улам акиташ ташын жеткирүүдө көйгөйгө туш болууда. Мындан сырткары, эл аралык каржы институттарынын алдындагы насыяларды тейлөө да өздүк наркка таасир этүүдө. Кызмат бааларды негизсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн баа келишимин түзүүнү көздөөдө, ал эми түштүктөгү үч заводдогу абал өзүнчө каралат.