Жок көйгөйдү өздөрү ойлоп табышты, – Антимонополия жеке мектеп ээлерине жооп берди
“Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору билим берүү тармагына тиешелүү эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Биназир Нурланова жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди.
Буга чейин жеке мектептердин жана бала бакчалардын ээлери аталган мыйзам долбоору аркылуу мамлекет билим берүү акысын жөнгө салуу ыкмасын киргизип жатканын айтышкан.
Алар эгерде жеке мектептердин баасы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнсө, анда ишкерлер бул тармактан кетишерин, жеке мектептен жабылаарын белгилешкен.
Бирок экономика жана коммерция министринин орун басары Биназир Нурланова мыйзам долбоорунда билим берүү тармагы такыр камтылбаганын эске салды.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев мындай ызы-чуу жеке менчик мектептерди иштеткен ишкерлер тарабынан чыкканын билдирди.
“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле... Ватсап группаңыздарда “Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы биздин бааларды текшерет экен, канча баа коюшубуз керектигин алар аныкташат экен” деген сыяктуу маалымат тарап, чоң талкуу кылгансыздар. Бул маселени өзүңүздөр баштагансыздар. Дестабилизация кылган кесиптешиңерди аныктап, тартипке чакырып алгыла. Биз болгону жеке менчик мектептер өнүксүн деген ойдо иш аракетибизди жүргүзүп, мониторинг кылдык. Келишим түзүп жатканда керектөөчүлөрдүн укуктарын карап койгула деген сунушту гана бердик. Бул мыйзам долбоорунда билим берүү тармагын жөнгө салуучу бир дагы норма жок”, – деди Мамыралиев.
